Радио

Сарыбаев: 70 жашка чейин иштесе эмнеге болбосун

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев жаш курагына карап жумуштан кетирүүгө, пенсия же айлык деген тандоого каршы экенин айтты.
Sputnik
Сарыбаев: 70 жашка чейин иштесе эмнеге болбосун

Азыркы Башмыйзамды карап чыгып, эмгекке жөндөмдүү болсо иштей берсин деген өзгөртүү киргизүү керектигин Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Конституция өткөөл мезгилде жазылып, пенсия жаатындагы маселелер аягына чейин такталбай калган.

"Азыркы Башмыйзамда көптөгөн маселелер калып калган. 2010-жылдагы тополоңдун айынан аягына чейин тактап, иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Конституцияга эгерде эмгекке жөндөмдүү болсо, иштей берсин деп жазыш керек. Такыр эле 65 жаштан кийин иштебесин деген туура эмес. Адамдардын жашоо деңгээли көтөрүлгөн сайын иштөө мүмкүнчүлүгү жогорулай берет. Орточо жаш 75 болсо, анда 70тин тамагын ичип турганга чейин иштегенге эмнеге болбосун?", — деди Сарыбаев.

Мындан тышкары, экономист жыл сайын пенсионерлер көбөйүп, ошол эле учурда жумушсуз адамдардын санынын өсүшү абалды андан да курчутуп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев мамлекеттик бюджеттен пенсия алган укук коргоо органдарынын кызматкерлери айлык же пенсия алыш керек деген сунушун айткан.