Жээнбеков экс-премьерлер жана экс-спикерлер менен жыйын куруп жатат

Өлкө башчы саясий элитасы орток пикирде болгон мамлекеттер өнүгүп жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков билдиргенин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 5
Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек
2 / 5
Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот
3 / 5
Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков билдиргенин маалымат кызматынан кабарлашты
4 / 5
Учурда президент Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолугушууда
5 / 5
Иш-чаранын башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүү маселелерин талкуулоо экени айтылды.

Учурда президент Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолугушууда. Иш-чаранын башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүү маселелерин талкуулоо экени айтылды.

Мамлекет башчы келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түмөндөгөн чакырыктар күтүлүп жатканын белгиледи.

"Сиздер Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкансыздар. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар, бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле мамлекеттин өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги — бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр экенин кошумчалады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маеги. Тексттик трансляция
"Сиздер жакшы билесиздер, саясий элитасы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги принциптери боюнча орток пикирге келе алган мамлекеттер чоң ийгиликтерге жетишкен. Алар деле талашып-тартышкан, бири-бирин аябай сындаган. Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө келгенде баары жалпы бир багытка карата бир пикирде болушкан. Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Азыр Кыргызстанда бардык коомдук-саясий күчтөрдүн катышуусу менен чече турган көйгөйлөр жана олуттуу маселелер көп. Сиздер мына ушул маселеде данакерлик вазийпаны аткара аласыздар деп ишенем", — деди өлкө башчы.

Жээнбеков жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы диалогду, кызматташтыкты илгерилетүүгө даярдыгын, жеңил пиардан жана пайдасыз чыр-чатактардан алыстыгын жана сындан да качпай турганын белгиледи.