Туризм департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Буга чейин аталган мекемени азыркы министр Азамат Жаманкулов жетектеген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору болуп Максат Дамир уулу дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Дамир уулу Япония жана Америка Кошмо Штаттарында билим алып, кийин бир катар эл аралык жана жергиликтүү компанияларда эмгектенген.

Учурда 33 жашта, үй-бүлөлүү.

Эске салсак, мекеменин мурдагы жетекчиси Азамат Жаманкулов октябрь айында ээлеген кызматынан бошотулуп, маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган.