Токтогулда бус токтоп турган фураны сүзүп, бир аял каза болду

Кырсыктын кесепетинен дагы эки киши жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда фура менен микроавтобус катышкан жол кырсыгы болуп, бир аял көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ичип алып унаа айдабагыла! Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган "Жигулинин" видеосу
Кырсык шейшембинин түнүндө саат 03.33тө Токтогул районунда катталды.

Маалыматка караганда, жүк ташып бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасы токтоп турган Renault автокөлүгүн артынан сүзгөн.

Көз жумган аял 36 жашта экени аныкталды. Андан тышкары, 25 жаштагы жигит жана 27 жаштагы кыз жаракат алышты.

Жеринде ӨКМ куткаруучулары иштеп, жабыркагандарга жардам көрсөттү.