Анын репертуарында Токтогулдун "Алымкан", Асанкалый Керимбаевдин "Энекем", Каныкей Эралиеванын "Жаз", Калыйбек Тагаевдин "Долон" сындуу бир топ ырлар бар.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Акмаралды кепке тартты.
"Кичинекей кезимди такыр эстей албайм. Атамдар үч жашыңда, чоң адамдын алдында ырдагансың дейт. Анан кийинчерээк чоң залга ырдаганы ак көйнөк, кара туфли кийип барганым эсимде. Эл кол чапкан. Ошондо эле ырчы болом деп максат койгом", — деди каадалуу сүйлөп.
Анын ырчылык өнөрдөн сырткары чет тилин үйрөнүүгө кызыкдар экендигин билдик.
"Тил билүү ырчыларга көбүрөөк керек. Алар кийин чет жактарга чыгып, башка элге барганда котормочу жок кыйын болот го. Андыктан, азыртадан такылдап сүйлөп калса, кийин барганда ошол эл менен так сүйлөшүп кетет деп ойлойм", — дейт ал биз менен маегинде.
Акмарал репертуарында 15тей ыр бардыгын айтты. Өзүнө сын көз менен карагандыгын сөзүнөн баамдадык.
"Алардын баарын мыкты аткара албайм, кемчиликтер бар, кээ бирлеринин кайрыктарын, боекторун, бир катарларынын кооздоп кеткен жерлерин жакшы ала албай калып жатам", — деди сырын жашырбай.
Бизди кызыктырганы азыр атактуу ырчылардан тарта жаңы чыгып келе жаткандары баш тартпай барып жаткан тойлор тууралуу айткан пикири болду.
"Ырдап бер деп көбүнчө ачылыштарга, майрамдарга чакырышат. Музыкалык мектепте майрамдарда концерттерди коюп турабыз. Бирин-серин болбосо, тойлорго көп барбайм. Той ырчысы болгум келбейт", — деди олуттуу.
Акмаралдын энеси Айгерим кыргыз тили жана адабияты мугалими, ал эми атасы Эркинбек чарбачылык менен алектенет. Ырчы кыз беш бир туугандын кенжеси.