Эңилчектеги фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калды. Сүрөттөр

Кадрлардан аюулардан сырткары ак илбирсти да көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калганын Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

1 / 3
Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган
2 / 3
Фотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган
3 / 3
Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган

Анын айтымында, фотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган.

"Ушу тапта июлда эки жума бою жүргүзүлгөн иликтөөнүн маалыматтары иштелип жатат. Ал экспедиция учурунда тоолорго жана Сары-Жаз, Эңилчек, Кайыңды аймагына 35 фотокапкан коюлган. Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган", — деди Эсенбаева.

Ал ошондой эле иликтөөнү NABU-Кыргызстандын мониторинг бөлүмү "Хан-Теңир" мамлекеттик жаратылыш паркындагы кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөнүн белгиледи.