БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Эликти мыйзамсыз аткан браконьер кармалганын Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөн киши облус аймагында жүрүп жаткан рейддин негизинде кармалган. Текшерүүнү браконьерликке каршы "Барс" тобу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин Аңчылык департаментинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн.
"Тоң районунун Көк-Булак аймагында элик аткан жергиликтүү тургун кармалды", — деп айтылат мааламытта.
Жеринде протокол түзүлүп, мыйзам бузган кишиге 50 миң сом айып салынды.
Буга чейин Баткенде тоо теке аткан адам 220 миң сом айыпка жыгылган.