БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Октябрь райондук администрациянын демилгеси менен экологияны булгап жаткан жеке мончолор текшерилип жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Рейд Санитардык-экологиялык инспекциянын, №7 өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана №6 муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин оператору дрондун жардамы менен Бишкектин бийиктиктен көрүнүшүн тартып алган. Андан борбор калааны кара түтүн каптап турганын көрүүгө болот. Социалдык тармактын колдонуучулары "Ушул аба менен дем алып жатабызбы?" деп суроо салып, активдүү талкуулап жатышат.