БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ош шаарында УКМК кызматкерлерине жаңы курулган үйдүн ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, салтанат 17-ноябрда өтүп, ага КР коргонуу кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, коопсуздук органдарынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Сагынбаев мамлекет тарабынан бардык аймактардагы күч структураларынын кызматкерлеринин социалдык абалына өзгөчө көңүл бөлүнөөрүн белгиледи.
Бул турак үйдөн УКМК кызматкерлеринен 49 үй-бүлө батирге ээ болду.
Муну менен катар өлкө президентинин колдоосу менен УКМК кызматкерлерине Ысык-Көлдүн Каракол шаарында дагы курулган үйлөрдү тапшыруу пландалган.