БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Америкалык белгилүү актриса Мэрилин Монронун "Алтын глобус" кино сыйлыгы Лос-Анджелестеги аукциондо 250 миң долларга сатылды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Julien's Auction аукцион үйүнүн маалыматы боюнча атактуулардын "Алтын глобусунун" ичинен бул лот эң кымбат сатылган. Аталган сыйлык Монрого 1961-жылы Голливуддун чет элдик ЖМК ассоциациясы тарабынан көрүүчүлөрдүн купулуна толгон актриса катары ыйгарылган.
16-17-ноябрда болгон аукциондо актрисанын кара түстөгү Ford Thunderbird автоунаасы (1956-жылы чыгарылган) 490 миң долларга жана сатин кездемесинен тигилген көйнөгү 43,75 миң долларга сатылган. Дал ушул көйнөк менен Мэрилин Монро 1956-жылы Лос-Анджелестин аэропортундагы маалымат жыйында элдин бүйүрүн кызыткан.
Аталган аукциондо киножылдыздын PlayBoy журналынын биринчи бетине чыккан саны (32 миң доаллар), хрусталь иймеги (10,2 миң доллар) жана айдоочулук күбөлүгү (10 миң доллар) дагы сатылган.