Калифорниядагы өрттөн улам каза болгондордун саны 80ге жетти

Калифорниянын түндүк тарабында чыккан өрт 8-ноябрда башталып, штаттын тарыхындагы эң кесепеттүү окуя катары катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Американын Калифорния штатындагы өрттөн улам каза болгондордун саны 80ге жетти. Бул тууралуу ABC телеканалы маалымдады.

Буга чейин 1276 адам дайынсыз жоголуп, 76 киши каза болгону айтылган.

Калифорниядагы өрттүн кесепетинен дайынсыз жоголгондордун саны 1200дөн ашты
Телеканал бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берип 80 сөөктүн 63ү таанылганын маалымдады. Каза болгондордун көбү Бьютт округунан.

Жекшемби күнү дайынсыз болуп жаткандардын саны бир аз кыскарды — 1202.

Калифорниянын түндүк тарабында чыккан өрт 8-ноябрда башталып, штаттын тарыхындагы эң кесепеттүү окуя катары катталды. Андан сырткары, аталган штаттын түштүгүндө эки ири тилсиз жоо күч алууда. Жаратылыш кырсыгынан улам 300 миңден ашык тургун көчүрүлүп, президент Дональд Трамп штатта өзгөчө кырдаал жарыялады.