Диетологдор адамга күч-кубат берүүчү 5 продукцияны атады

Чайга кара шоколад, ал эми кечки тамак үчүн салатка ашкөк жана башка жашылчалардан жакшылап сээп коюу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik."Известия" басылмасы адамга күч-кубат берип, бир күн кечке сергек жүрүүгө шарт түзүүчү азыктардын тизмесин жарыялады.

Чоң эле киши тойдон соң онтоп, ыйлап келген. Хирург агынан жарылганда
Диетологдор жаңы ойгонгондо авокадо жеп коюуну сунуштайт. Жемиштердин арасынан энергия менен камсыздоочу негизги булактардын бири — банан. Чайга кара шоколад, ал эми кечки тамак үчүн салатка ашкөк жана башка жашылчалардан жакшылап сээп коюу керек.

Эгер денеңиз гана эмес, акыл-эсиңиз да алсыз болуп жатса, кызыл кызылчадан көбүрөөк жеңиз. Бул жашылча мээдеги кан айланууну жакшыртат. Суу ичкенди дагы унутпаш керек. Анын жетишсиздиги уйкуну келтирет.