Кыргыз-өзбек киночулары тарткан "Делбирим" Бишкекте качан көрсөтүлөрү айтылды

Тасманын Өзбекстандагы бет ачар аземи 16-ноябрь күнү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын премьерасы ушул жылдын 5-декабрында Бишкекте болот. Бул туурасында кинонун Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди.

Анын айтымында, тасманын Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү болуп өттү.

"Ташкенттеги премьерага Өзбекстандын интеллигенция өкүлдөрү жана бир топ кино жаратмандары келишти. Кино үч-төрт залда коюлуп, жалпы жонунан 4500 адам катышты. Кыргызстандан Кинематография департаментинин директорунун орун басары Элмира Мамытова, Өзбекстандагы элчинин милдетин аткаруучу Анвар Стамбеков барды. Ал эми биз кыргызстандыктарга Айтматовдун туулган күнүн утурлай көрсөтүүнү чечтик", — деди Жакыпбекова.

Элина Абай кызы өзбек актерлору менен "Делбиримге" тартылат. Продюсер менен маек
Аталган фильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылган. Сценарийин Керез Зарлыкова жазса, режиссерлукту өзбекстандык Сарвар Каримов аркалады. Кино картинанын узактыгы 1 саат 40 мүнөт, анын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддорду Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылган.

Илястын ролун белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Эки актер тең Өзбекстандан. Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.

"Делбирим" тасмасын тартуу учурундагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.