Бишкекте УКМКнын мас кызматкери элди тапанча менен коркуттубу? Видео

Интернет тармагында адамдарды курал менен опузалап жаткан кишинин видеосу жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Тасма Бишкектеги көңүл ачуучу жайлардын бириндеги камерага тартылып калып, Instagram тармагына жарыяланган.

Лейлекте үйүнүн жанынан атылган депутат каза болду
Кадрдан бир нече адам сыртта унаалардын жанында турганын көрүүгө болот. Имараттан чыккан эки киши аларды көздөй жөнөгөн. Алардын бири тапанчасын алып чыгып элди коркута баштаган. Бир нече аял аны четке тартып жоошутууга аракет кылган.

Видеонун алдына тапанча кармаган киши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү экени жазылган. Ал эми УКМКнын маалымат кызматы тасма иликтенип жатканын, эгер андагы киши ведомствонун кызматкери экени далилденсе катуу жазаланарын кабарлады.