Бишкектин мэриясы Тез жардам кызматына 9 автоунаа берди

Транспорт жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектин мэриясы Тез жардам кызматына 9 автоунаа берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, машиналар жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган.

1 / 3
Бишкектин мэриясы тез жардам кызматына 9 автоунаа берди.
2 / 3
Машиналар жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган.
3 / 3
Жаңы автоунаалар Россияда чыгарылган, ал шаардагы №1, 2, 3 подстанцияларга жана Тез жардам кызматынын борбордук подстанциясына берилет.

"Автоунаанын алтоо керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуу менен жабдылган. Эки машина сүт азыктарын ташууга ыңгайлашса, бир автоунаа шаардагы социалдык коргоо кызматына берилет", — деп айтылат маалыматта.

Жаным көзүмө көрүнүп турса эмне кылам? Бишкектеги ооруканалардын дайын-дареги
Жаңы автоунаалар Россияда чыгарылган, ал шаардагы №1, 2, 3 подстанцияларга жана Тез жардам кызматынын борбордук подстанциясына берилет.

Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылына 7-8 автоунаа сатып алынат. Алардын саны 100гө жетиши керек.

Учурда шаардыктарды Тез жардам кызматынын 39-40 автоунаасы тейлейт.