Атамбаев: менин учурумда эки жансакчым мамкызматка келди

Экс-президент ал бийликте кезинде карьера жасаган жансакчылары менен айдоочуларына токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликтеги кезинде кызматка дайындалган айдоочулары тууралуу "Апрель" телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айдоочулары тууралуу коом арасында ар кандай ушак-айыңдар айтылып келет.

Атамбаев ал бийликте отурган кезде айдоочусу Икрамжан Илмиянов жана жан сакчылары Болот Сүйүмбаев менен Улан Исралиев мамлекеттик кызматтарга дайындалган.

"Жан сакчылар тууралуу айтсам, экөө мен бийликте кезде карьера жасады. Болот Сүйүмбаев УКМКнын жетекчи орун басарлыгына чейин өстү. Улан Исраилов ички иштер министри болду. Исраилов кадрдык милиционер. Ошонун гана кылмыштардын учетун ИИМ эмес, прокуратура органдары алгыдай кылууга эрки жетти. Азыркы бийлик муну алар жасагандай элес калтырууга аракет көрүп жатканын көрүүдөмүн, бирок аны Исраилов жасады", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле анын айдоочусу болгон Икрамжан Илмияновдон башкалары бүгүнкү күнгө чейин эле айдоочу боюнча калганын кошумчалады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маеги. Тексттик трансляция
Атамбаев, андан сырткары, мурдагы айдоочусу, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун камалышы тууралуу пикирин айтып, шайлоо учурунда көмүскөдөгү көп ишти билгени үчүн камакка алынганын билдирди.

"Аны көп нерсени билгени үчүн, өзгөчө акыркы президенттик шайлоо учурундагы айрым көмүскө иштерди билгени үчүн камалды. Бул аракеттер оозун жабыш үчүн эле жасалды", — деди ал.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ал Илмиянов кадрдык иштерге чейин аралашкан деген имиштерге ишенбей турганын баса белгиледи.