АКШнын бийлиги жасалма эт чыгаруунун эрежесин макулдашты

Атайын мекемелер эттин сапатын жана коопсуздугун камсыздай алабыз деп ишендиришүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. АКШнын айыл чарба министрлиги менен азык-түлүктүн жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалыгы (FDA) жасалма этти лабораторияда даярдоо жана сатуунун эрежелерин макулдашты. Бул тууралуу тараптар биргеликте билдирүү жасаган.

Окумуштуулар: арыкташ үчүн эт жеш керек
FDA уюму жаныбарлардын клеткаларын чогултууга жооптуу болсо, министрлик аны маркировкалоо жана өндүрүш жагын колго алат. Келишимдин айрым жактары 26-декабрга чейин толукталып жазылат. Аталган эки мекеме жасалма эттин сапатын жана коопсуздугун камсыздай алабыз деп ишендиришүүдө.

АКШда клеткадан жасалма этти даярдоо эксперименттери NASA астронавттары үчүн тамак-ашты жасап чыгуу программасынын алкагында эле башталган. Мындай ыкма 1995-жылы жактырылып, эксперименттер алты жылдан кийин гана жасала баштаган. Ошондой эле башка мамлекеттер дагы жасалма этти чыгаруу аракеттерин көргөнү менен өндүрүшкө чыгаруу азырынча жолго коюла элек.