Улгайган ар бир экинчи кыргызстандык иштөөгө мажбур

Алардын ар бир үчүнчүсү жашы келип калган аялдар.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы улгайган адамдардын 40 пайыздан ашыгы иштейт. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомство бул курактагыларга 50 жаштан улуулар кирерин белгиледи.

"Улгайган адамдардын дээрлик жарымына жакыны (41,3 пайызы) иштейт. Эркектердин 55,2 пайызы, аялдардын 30,3 үйдө отурбай, эмгектенишет", — деп айтылат маалыматта.

Депутат Тиллаев же пенсия, же айлык алсын деген билдирүүсүнө түшүндүрмө берди
Бишкекте жашаган улгайган адамдардын 1,4 пайызы иш жоктугун айтышкан. Жаш курагынан улам жана ага кошумча каалагандай айлык коюлган жумуш таба албагандар негизинен Бишкекте жашай турганы белгилүү болгон.

Аймактарда жашы келип калган ар бир алтынчы адам жумуш издейт.