Радио

Кадырбеков: тапшырманы аткарган студенттен мугалим акча албайт

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин студенти Арген Кадырбеков сабактарга толук катышкан студенттен да мугалим акча алат деген пикирге кошулбай турганын айтты.
Sputnik
Кадырбеков: тапшырманы аткарган студенттен мугалим акча албайт

Күнөө акча алган мугалимге караганда, акча берген студентте көбүрөөк. Сабактарга толук катышып, берилген тапшырманы убагында аткарган студенттен мугалим деле акча сурабайт. Бул тууралуу Арген Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Абалың кандай, студент?" аталышындагы таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, студенттер өздөрү сабакка келбей акча беришет.

"Азыркы кезде студенттерге мүмкүнчүлүктөр арбын. Окуйм деген адамга кайда болбосун жетиштүү шарттар түзүлгөн. Коомдо жаштар китеп окубайт деп айтылып келет, бирок китепканаларга барганда бир топ студенттерди көрүүгө болот. Албетте, улуу муундун өкүлдөрү бизге караганда билимге көбүрөөк умтулгандыр, анткени алар бир гана окуу менен алек болгон да. Ал эми азыркылар окууга да, жумушка да жетишип, үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалашат. Ошондой эле университеттерде студент сабакка келсе да, келбесе да акча алынат деген түшүнүк калыптанып калгандай. Чындыгында бул көрүнүшкө биринчиден студент өзү күнөөлүү. Сабакка катышкан, тапшырманы аткарган студенттен мугалим акча сурабайт", — деди Кадырбеков.

Ал ошондой эле чет жакта алган билимди Кыргызстандан деле алса болорун кошумчалады.