Кытайдан дат баскан автобустар алынып келгенби? Мэриянын жообу

Түлөбаев сүрөттөрдү автобустардын паркынан тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев Facebook баракчасына Кытайдан келген автобустардын чирип жатканын сүрөткө тартып чыгарды.

Ал сүрөттөрдүн алдына "Кытайдан келген автобустардын көбү чирип калган" деп жазган.

Sputnik Кыргызстан агенттигине бир нече окурман кайрылып, "Сөз жаңы келген автобустар тууралуу болуп жатабы, тактап бергиле",- деп суранышты.

Түлөбаев жарыялаган сүрөттөрү боюнча пикирин мындайча айтты.

"Сүрөттөрдү автобустардын паркынан тарткам. Эски автобустардын көбүн колдонууга мүмкүн эмес, бирок айрымдарын оңдосо болот. Бул транспорттор 8-10-жыл мурда сатып алынган. Ал учурда мэр болуп Нариман Түлеев иштесе керек", — деген пикирин билдирди.

Ал ошондой эле мындан ары мэрия бир гана сапаттуу автобустарды ала турганын кошумчалады.