Түштүк Суданда 17 жаштагы кызды ата-энеси 500 уй менен үч автоунаага сатты

Кызды сатып алууга дароо эле алты эркек кызыгуусун билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Түштүк Судандагы көп балалуу үй-бүлө 17 жаштагы кызын Facebook социалдык тармагы аркылуу 500 уй жана үч автоунаага сатканын The Sun басылмасы жазды.

Кызды сатып алууга дароо эле алты эркек кызыгуусун билдирген. Жыйынтыгында 17 жаштагы кыз тогуз аялы бар ишкер Коку Алатуга сатылган. Эң кызыгы, бул аукционго өлкөдөгү штаттардын биринин губернаторунун орун басары Дэвид Майом Риак дагы катышкан. Ал кызды алуу үчүн болгону 250 уй сунуштап өтпөй калган.

"Мен бул үй-бүлөнү жакшы тааныйм, анткени буга чейин кошуна болчубуз. Кыз кичинекей кезинде эле мен ага үйлөнөм деп сөз бергем", — деди Риак.

Бул окуя бир заматта интернетке жайылып кеткен. Кыздын үй-бүлөсүнүн дарегине дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган интернет колдонуучулар жемелеген пикирлерин жазган. Андан сырткары, бир катар укук коргоочулар да бул сооданы айыптап чыгышты. Жыйынтыгында аукцион жана Түштүк Судандагы бул үй-бүлө жөнүндө маалыматтар өчүрүлгөн.