Экономика министрлиги тарифти жогорулатуу боюнча сунушка түшүндүрмө берди

ЖМКлардын жазганы боюнча Панкратов электр энергиясына бааны жогорулатууну сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Экономика министрлиги жетекчи Олег Панкратовдун калк үчүн электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу боюнча айткан сунушуна түшүндүрмө берди.

Өкмөт: электр энергиясын кымбаттатуу боюнча маселе көтөрүлгөн жок
Мекеме айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча өкмөттүн жыйынында министр "калк үчүн электр энергиясына болгон тарифти көбөйтүү зарыл" экенин жазып чыгышканын айтууда. Макалада Панкратов энергетика болгон мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатканын, жаңы өнөр жай ишканаларын түйүнгө кошууга болбой жатканын белгилеп, тариф саясатын карап чыгуу зарылдыгын келтиргени жазылат.

Экономика министрлиги мекеме жетекчиси энергосистемага учурда ашыкча күч келип жатат деп айтканын, бирок тарифти жогорулатуу боюнча сөз болбогонун белгиледи.

"Министр негизинен жаңы субъектилерди энергетикалык түйүнгө кошууда кыйынчылык жаралып жатканын, экономиканын мындан аркы өнүгүшү үчүн жаңы кубаттуулуктарды киргизүү зарыл экенин айткан", — деп жазылат билдирүүдө.

Андан тышкары, Токтогул суу сактагычына чогулган суунун көлөмү көңүл жубатарлык экенин, мындан улам калкты электр энергиясы менен камсыздоодо көйгөй жаралбай турганын кошумчалаган.