Ошто азан айтуу боюнча сынак өтөт

Облустук турдун жеңүүчүлөрү республикалык конкурска жолдомо алат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 15-декабрда Ош облустук казыяты жана "Мухаммед-Умар Ош" коомдук бирикмеси тарабынан аталган облустагы азанчылар арасында азан айтуу боюнча мелдештин облустук туру өтөт. Бул боюнча муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков: исламды жамынып алып, өз маданиятын киргизүүнү көздөгөндөр бар
Ага ылайык, сынактын негизги максаты азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо болуп саналат.

Конкурстун 1-этабы райондук деңгээлде өтөт. Анын жеңүүчүлөрү облустук турга жолдомо алат. Облустук тандоо турунан 1-2-3-орунду алган азанчыларга республикалык сынакка жолдомо берилет.

Мелдешке катышуунун жол-жобосу жана эрежелери тууралуу муфтияттын сайтынан толук маалымат алсаңыз болот.