Мына ушул эне тууралуу 15 фактыны Абдыкерим Муратов сунуштайт.
1. Нагима Айтматованын ата-теги. Нагима апайдын атасы Хамза Хасанович Абдулвалиев (айрым документтерде Габдулвалиев) Утямыш-Гирей тукумунан, анын ата тегинде Россия канышасы Екатерина IIге товар ташыган атактуу көпөстөр өткөн. Алар азыркы РФтин Татарстан Республикасынын Кукмар районунун Мачкара кыштагынан. Хамза Абдулвалиев ошол айылда 1850-жылы туулган. Аялы — Газиза Абдулвалиева. Алар Мухамеджан, Сабиржан, Шариф, Абдула, Нагима, Гульша, Зейнаб, Асия аттуу балалуу болушат. Хамза Абдулвалиев 1887-жылы Ала-Тоо аймагына көчүп келет да, Караколду байырлап калат. Сибирь соода-өнөр жайынын 1913-жылдагы каттоосуна караганда ошол жылы Абдулвалиевге таандык Пржевальск шаарында галантереялык товарлар дүкөнү, булгаары заводу, боёк, лак жана олифтер фабрикасы, бир тууганы менен теңшерик ачкан мануфактуралык товарлар соода үйү болгон. 1905-жылы дүкөнү бар үй курат. 1909-жылы 3800 рублге эки кабаттуу жыгач үй сатып алат. Кыйла байып, II гильдиядагы көпөс даражасына ээ болот. Бүт байлыгын, анын ичинде 1925-жылы Базарный көчөсү №79/133 деген даректеги үйүн, 1928-жылы 23-июнда Октябрь, Крупская, Парк көчөсүндөгү үйлөрүн Кеңеш өкмөтү тартып алган. Өзү жана балдары туш келди, бири Маргалаңга, бири Ташкентке куугунтукталып, 1932-жылы жакырчылыкта көз жумган.
2. Көл башында туулган Нагима апай. Ысык-Көлдүн Чүй өрөөнүн Кашкар менен байланыштырган кербен жолундагы бул шаар бир канча жолу атын алмаштырды, 1869-1889-жылдары Каракол, 1889-1922-жылдарда Пржевальск, 1922-1939-жылдарда кайра Каракол, 1939-1992-жылдарда кайра Пржевальск, 1992-жылдан бери Каракол деп аталып келет. Дал ушул шаарда, ал кезде Пржевальск атын алып турганда, 1904-жылы 7-декабрда Нагима Хамза кызы туулган.
4. Жалындаган комсомолдук курак. Нагима Абдулвалиева 1925-жылы Каракол шаарындагы орус мектебинин эки баскычын бүтүрөт (айрым маалыматтарда аялдар гимназиясын), медициналык училищеге киргиси келет, бирок аны "байдын кызы" деп албай коёт, ал мезгилде шарт ошондой эле. Стенографисттер курсуна кирип, ошол жерден комсомолго өтөт. Орусча мыкты билген, өжөр, тыкан, таза, билимдүү, сабаттуу татар кызы Караколдо жаштар арасында лидер катары жалпы облуска, андан республикага таанылат. Комсомолдук Каракол кантондук комитетинде бөлүм башчы болуп иштеген. Кээ бир маалыматтарда 1925-жылы турмушка чыгат. Айрым маалыматтарда никеге 1926-жылы 3-сентябрда катталган деп жүрөт. Төрөкул менен Пишпекте комсомол кызматкерлеринин кыска курсунда угуучу болуп жүргөндө таанышат. Төрөкул Айтматовго турмушка чыккандан соң 1926-жылдан Нагима Хамзаева адегенде Жалал-Абадда райондук комсомол комитетинде секретарь, андан кийин кантондук аткаруу комитетинин секретары болуп иштеген. Түштүктө ал өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтөт, кыз-келиндердин паранжасын чечтирүүдө, аларды окууга тартып, сабатсыздыгын жоюуда бир далай эмгек сиңирген, алгачкы артелдерди ачкан. Кийин үй-бүлөсү менен Фрунзеде, Москвада жашайт. Күйөөсү репрессияланып кеткен соң Таластын Киров районунда 1938-1939-жылдары бала бакчада, 1940-жылдан — пенсияга чыккан 1954-жылга чейин Киров райондук финансы бөлүмүндө инспектор, бухгалтер болуп иштеген.
5. Төркүндөп келгенде… Нагима Хамзаевна күйөөсү менен Түштүктө иштеп келишкенден кийин 1929-жылы августта Каракол шаарына келет. Анда атасынын байлыгы бүт чачылган, таланган кез. Мына ошондо жөрмөлөп жүргөн Чыңгыз менен Фарид Абдулвалиевди сүрөткө тартып алышат. Ошондо Нагима апайдын сиңдилеринин бири Фирдяюсь ушул балаңарды бизге белекке бергиле деп Чыңгызды атасы Төрөкулдан жана апасы Нагимадан сураган экен.
7. "Саманчынын жолу" атасы менен бирге эле апасына да арналган. Повесттин башында Чыңгыз Айтматов "Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагийма Айтматова, сага арнаймын" деп жазат.
8. Бир тууганын издеп Таласка барышкан. Нагима апайдын бир тууганы Гульша да согуш жылдарында Киров районунун Жийде айлында Айтматовдор менен бирге жашаган. Анын күйөөсү Вакас Чанышов 1937-жылы репрессияланып, уулу Афсандияр Чанышов (Жанышов) фронтко алынып, жалгыз калган. Нагима бир тууганынан жана анын балдарынан кабар алуу үчүн 1945-1949-жылдары Пржевальск шаарынан картошкасын көтөрүнүп Таласка Абдулла таякеси да келип турганын Чыңгыз Айтматов эскерет.
10. Грек аялдын төп келген төлгөсү. Нагима апай согуш жылдарында аябай азап көрүп, бир жагынан балдары жаш, элдин абалы оор, экинчи жагынан күйөөсүнүн өлүү-тирүүсү белгисиз жүргөндө сүргүнгө келген бир грек аял ага төлгө ачат да: "Туура он жыл өтүп, сенин чоң уулуң сени сый менен чоң шаарга алып кетет. Ал бүткүл дүйнөгө белгилүү болот. Башка уулуң да чоң адам болот",- дейт.
11. Кыргыз элдик ишенимдерин өзгөчө сыйлаган. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматовдун мындай жазганы бар: "Биздикине улуу жазуучу (сөз Мухтар Ауэзов тууралуу болуп жатат. – М.А.) келе жатканын билип, апамдын чакчалекейи түштү. Үйдү кылдаттык менен тазалашты, төргө жумшак көрпө салынды. Стол жасалды. Даярдалган даамдар коюлду. Кызыл алмаларды көргөн Санжар (сөз Чыңгыз Айтматовдун тун уулу тууралуу болуп жатат – М.А.), аларды биринин артынан экинчисин көчөгө ташый баштады. Бул үчүн анын кулагы бат эле уйпаланганы байкалып турду. Бир кезде эшик ачылып, Мухтар ага кирип келди. Күлгөн болуп ал Санжарды чоң энесинин жазасынан куткарды. Кеченин ортосунда коноктор таза абадан дем алууну чечишти. Эшик тарапка жөнөп жатып, Мухтар ага менин апам кенже небереси Аскарды алып, анын отурган ордуна жаткызып, оонатканын байкап калды. "Эмне кылып жатасыз? – ал таң калды. – Бул, айланайын, жакшы жорук. Менин эселегим сиздей эле баары сыйлаган адам болуусун каалайм". Мына ушундай кыргыз элинде айтылып келген ишенимдерди дайыма аткарып турган.
12. Бешиктеги баланы бек кылган эне. Ал кезде Киров районунун Жийде айлында мектеп жок, Илгиз Чоң-Капкага Пушкин мектебине барып окуп келчү экен. Үчүнчү же төртүнчү класста ноябрь айында агайы балдарды Октябрь майрамына карата даярдык көрүүгө чакырат. Илгиз жамгырда калып, үйгө жеткиче өтүгүнө суу толот да, мектепке кайра бара албай калат. Ошондо мугалим: "Мен билем, сен кимдин баласы экениңди! Сен атаңа окшоп Октябрга каршысың!" — деп айтат. Бала окубайм деп чыгат. Ошондо Нагима апай мугалимге барып: "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?! Сен азыр ушундай мамиле жасап жатасың, кийин ушул балага күнүң түшүп калбасын",- деп айткан экен. Ырас эле, Илгиз Төрөкулович кийин Академиянын Тоо-кен институтунун директору болуп иштеп жатканда ошол киши баласын ээрчитип алып келип: "Сенин апаң ошол кезде туура айткан экен. Эми сага келдим. Бул балам быйыл мектепти бүттү. Ушуну жогорку окууга өткөрүп бер",- деп алдына келиптир…
14. Баарын-баарын түшүндүргөн эстелик. Нагима Хамзаева астма дартынын азабын көп тарткан. 1971-жылы күйөөсүнүн бейитин таппай, ага барып бир буркурап ыйлап албай, акка моюн сунду. Балдары анын бейит башына эстелигин коюп, атабыздын көрүстөнүн таппай калдык, экөө тең ушул жерде көмүлгөн деп эстей жүрөлү деп бир жерге эки адамдын сүрөтүн коёт да, эстеликке "Ата, сенин көмүлгөн жериңди билбейм" деп жазып коюшат…
15. Нагима Айтматованын аты менен аталат. Каракол шаарындагы 1928-жылы Кеңеш өкмөтү тартып алган үйү жайгашкан көчөгө азыр Нагима Айтматованын ысымы берилген. Жалал-Абадда – бир кезде өзү иштеген шаардагы бир аллеяга да аты берилип, ал жерде жаштар эс алышат.