"Кыргыз кереметинин" кадр сыртында калган сүрөттөрү. Эч ким көрө элек ирмемдер

Sputnik

Сүрөтчү Александр Федоров 60-70-жылдарда тартылган белгилүү режиссерлордун кадр сыртында калган сейрек сүрөттөрүн сунуштап, "Кыргыз керемети" деген аталыштын жаралыш тарыхын айтып берди.

"60-70-жылдары кино жаатында Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев жана Альгимантас Видугирис сыяктуу режиссерлор топ жарып чыккан. Убагында аларга ошол кезде Кинематографисттер союзунун жетекчиси болуп турган Чыңгыз Айтматов жана Кыргыз ССР мамлекеттик кинонун жетекчиси Шаршен Усубалиев көп көмөк көрсөткөн. Мурда бардык кинофильмдерди Москванын союздук экранына алып барып көрсөтүп келишчү. Ошондой сапарынын биринде Усубалиев союзга бир нече тасма алып барат. Дал ошол мезгилде союздук экранга дүйнөлүк кинодо белгилүү француз серепчиси Жорж Содуль келип калат. Кинокартиналарды көрүп отуруп бир нече жолу ал "керемет, керемет" деп кыйкырып жиберген. Андан соң "Бул фильмдер кайсыл жактан?" деп сурайт. Ошол жердегилер Советтер Союзунун курамында Кыргыз Республикасы деген мамлекет бар экенин, кинокартиналар аталган өлкөдө тартылганын түшүндүрүшкөн. Ошондо Содуль "Бул — кыргыз керемети турбайбы" деп айткан. Мындан улам "Кыргыз керемети" деген термин калыптанып калган", — деп эскерет Федоров.

Сүрөт сүртүмүндө сунушталган фотолор — 60-70-жылдарда тартылган кинолордон калган эстелик. Булар албетте, режиссерлордун эмгегинин кичине эле бөлүгү.

1 / 14
Белгилүү режиссер Болот Шамшиев менен актер Орозбек Кутманалиев. "Ак кеме" тасмасын тартуу учуру
2 / 14
Болот Шамшиевдин "Бөрү зындан" эмгеги. "Бөрү зындан" — "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасынын уландысы. Режиссер тасма аркылуу 1860-жылдан баштап 1973-жылга чейин Ысык-Көлдө айдалган апийимдин элге тийгизген терс таасирин көрсөткөн
3 / 14
Шамшиев "Бөрү зындан" фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыкканын, бирок убагында аны Чыңгыз Айтматов сактап калганын айткан
4 / 14
Белгилүү киножаратуучу Мелис Убукеев кадр сыртында. Актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны биринчилерден болуп байкап, кино чөйрөсүнө чакырган дал ушул залкар болгон
5 / 14
Мелис Убукеев "Манас" эпосуна кызыгып, толук кандуу көркөм тасма тартууга бел байлагандыгы менен белгилүү. Сүрөттө "Манас ааламы" кинокартинасын тартуу мезгили
6 / 14
Режиссердун "Тайгак кечүү" фильми — анын толук метраждуу туңгуч көркөм тасмасы. Аталган кинокартина Мукай Элебаевдин "Узак жол" чыгармасынын негизинде тартылган
7 / 14
Сүрөттө камера кармап турган литвалык кинорежиссер Альгимантас Видугирис. Анын "Көз айнекчен" тасмасын көпчүлүк азыркыга чейин сүйүп көрөт
8 / 14
Видугирис Токтогул ГЭСинин курулушун башынан аягына чейин байкап, "Коогалуу күндөрдүн жылы" жана "Нарын күндөлүгү" аттуу даректүү фильмдерди жараткан. Ага аталган станциянын "Ардактуу куруучусу" деген наам ыйгарылган
9 / 14
Альгимантас Видугиристин "Жалаң эр-азаматтар" тасмасынан үзүндү. Фильмде бийик тоолуу жерлерде электр линияларын оңдогон төрт монтаждоочунун турмушу чагылдырылган
10 / 14
Жаркылдап күлүп отурган шляпачан береги адам кыргыз киносун кыйырга таанытып, улуттун алдында ат көтөргүс эмгек кылды. Ал кыргыз киносунун корифейи — Төлөмүш Океев
11 / 14
СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, замандын залкары Төлөмүш Океев "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму" деген тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан
12 / 14
Бул алдында жаткан күң болгон Алтынбүбү. "Сүйүү закымдары" киносунан бир көрүнүш. Камчы менен кылыч…
13 / 14
Ушул жигит кыргыздын кино өнөрүн болуп көрбөгөндөй бийиктикке жеткирген инсандардын бири болорун бешикте жатканда билишти бекен? Ал кинорежиссер, сценарист, СССРдин эмгек сиңирген ишмери, КРдин Эл артисти Геннадий Базаров
14 / 14
Кызыл аянттан (Москва) тартылган кыргыз киносу. Геннадий Базаров иш учурунда