Калифорниядагы өрт: 71 киши каза болуп, 1000ден ашуун киши дайынсыз

Калифорниянын түндүк тарабында чыккан өрт бейшемби күнү башталып, штаттын тарыхындагы эң кесепеттүүсү катары калды. Жалын он миңдеген гектар жерди жалмап, ураган имараттар да миңдеп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШнын Калифорния штатында чыккан токой өртү 71 адамдын өмүрүн алып, дагы миңден ашуун киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу РИА Новости NBC News телеканалына шилетеме берип жазды.

​Буга чейин 63 кишинин көз жумганы жана 630 адам табылбай жатканы маалымдалган.

​Аймактын шерифи Бьютт Кори Хонинин айтымында, өлгөндөрдүн сөөгү Парадайз жана Магалия шаарындагы курулуштардын ичинен табылууда. Бийлик дайынсыз кеткендердин аты-жөнүн тактап жатат.

​Калифорниянын түндүк тарабында чыккан өрт бейшемби күнү башталып, штаттын тарыхындагы эң кесепеттүүсү катары калды. Жалпы жонунан 59 миң гектар жер күйүп, 6,47 миң курулуш жарактан чыккан.