Кишини тез арыктаткан 4 ыкма. Окумуштуулардын сунушу

Азырынча тажрыйба чычкандарга гана жүргүзүлгөн. Жакын арада алардын айрымдары адамдарга карата да пайдаланылмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ар кыл окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянуу менен ашыкча салмактан арылуунун төрт ыкмасы тууралуу РИА Новости жазды. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча бүгүнкү күндө жалпы калктын үчтөн бир бөлүгү семирүүдөн жапа чегип келет. Ашыкча салмактан жабыркагандардын басымдуу бөлүгү АКШ, Мексика жана Жаңы Зеландияда.

Муздак аба. Япониялык физиологдор алты жума бою күн сайын эки сааттан таза абада жөө басуу кишинин арыктатарын аныктап чыгышкан. Мындай көнүгүү ашыкча майды "жоготуп кое алчу" күрөң майдын көбөйүшүн шарттап, курсакта жана сан этте топтолгон майды эритет.

Окумуштуулар: адамдын эрте көз жумарын басканынан билүүгө болот
Сыйкырдуу таблетка. Техас университетинин медицина бөлүмүнүн кызматкерлери атайын дары ойлоп таап, ал тамакка чектөө койбой эле арыктоого шарт түзөрүн айтышты. Каражат организмде май топтолгон учурда зат алмашууну жайлаткан NNMT белогунун эксперссиясына жолтоо болот. Дары чычкандарга сыналган. Он күндөн кийин жандыктардын салмагы төмөндөп, майдын жалпы көлөмү азайган.

Окумуштуулар бул дарыны семирүүдөн катуу жабыркаган жана зат алмашуусу кескин начарлаган адамдарды дарылоодо кошумча каражат катары пайдаланууга сунушталарын айтышууда.

Углеводу аз тамак-аш. Углеводу аз тамак жеген кишинин мээси жана башка органдары кубат алуунун негизги булагы катары глюкоза эмес, майлуу кислоталар менен кетондорду пайдалана баштайт. Бул туурасында Рокфеллер университетинин биологдору иликтеп чыкканы айтылды. Организмде ал-күчтү үнөмдөө режими иштеп, булчуңдар чыңалып, клеткалардын картаюусу жайлайт.

Иликтөөнүн жыйынтыгына 20 апта бою 164 ыктыярчыга көз салган америкалык биологдор да макул. Тажрыйбага катышкандар  белоктуу жана майлуу тамак жегендер углеводу көп аш жегендерге караганда 200-300 калорийинен арылганы аныкталган.

Чай менен арыктоо. Калифорния университетинин окумуштуулары келген тыянак боюнча кара жана көк чайдын курамындагы полифенол заты ичеги-карынга таасир этип, салмак кошууга тоскоол болот.