Sputnik Кыргызстан агенттиги улуттук кинонун күнүнө карата "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Айбек Жангазиев менен жолугуп, студиянын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү, азыркы кыргыз киносунун абалы тууралуу маектешти.
— Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз? Бул кызматка кантип келип калдыңыз?
— Кызматка келгениңизге бир жылдан ашып калды. Ушул убакыт ичиндеги ишмердигиңизге баа бере аласызбы?
— Өзүмө өзүм баа беришим туура эмес болуп калат го. Жалгыз мен эмес, бүткүл жамаат биригип көп жумуштарды аткардык. Мисалы, бул жылы үч толук, бир кыска метраждуу, үч анимациялык жана бир топ даректүү тасмалар тартылды. Кыргызстан эгемендигин алгандан бери студиянын алкагында анимациялык фильмдер тартылбай калган эле, азыр төртүнчү картинаны бүтүрүп жатабыз. Мурда шартка байланыштуу бир толук жана бир кыска метраждуу көркөм фильмдер, эки-үч даректүү тасма тартылчу.
— "Кыргызфильм" башка киностудиялардан эмнеси менен айырмаланат?
— "Кыргызфильм" — өлкөбүздө гана эмес, бүткүл дүйнөгө аты чыккан улуттук бренд. Океев, Шамшиев, Базаров, Убукеев сыяктуу залкарларыбыздын ысымдары эч качан унутулбай, тарыхыбыздын бир бөлүгү катары түбөлүккө кала берет. Азыр менчик фильмдер көп чыгып жаткандыктан аларды "Кыргызфильмге" таандык тасмалар менен алмаштырып алгандар бар. Бизге таандык тасмалардын көпчүлүгү жогоруда айткандай түбөлүк тарыхта калат. Мисалы, "Караш-караш" фильмине быйыл 50 жыл болду. Бул фильм дагы 50 жылдан кийин деле элдин жүрөгүндө болот. Кыргызстан менен кошо "Кыргызфильмдин" да аты өчпөйт. Бул биздин улуттук маркабыз.
— Киностудиянын азыркы абалы кандай?
Кез-кезде демөөрчүлөр менен иштешебиз. Каражат жетпей калганда жардам берген кино сүйүүчүлөр бар. Алар каражат кошуп, өзүбүз техникалык жагын көтөрүп, биргелешип бир топ эле картиналарды жаратуудабыз.
— Бюджеттен акча бөлүнүүчү тасмаларды кантип тандайсыздар?
— Бизге келген ар бир сценарий көркөм кеңештен өтөт. Көркөм кеңеш режиссер, актер, экономист, драматург сыяктуу кинонун жаралуусуна тиешеси бар адамдардан турат. Ар бири өзүнө таандык тармакты талдап, кеңешин берет. Долбоорлор жакшылап изилденген соң мен жогоруда айткан кеңеш чогулуп талкууга алат. Ал жерде катуу талаш-тартыш болот. Анан добуш берүү менен бюджеттен акча бөлүнүп, тартылчу тасмалар аныкталат.
— Азыр кино тармагында таланттуу жаштар аябай көбөйдү. Киностудиянын аларга карата атайын бир жардам берүү программалары барбы?
— Биздеги программа боюнча киностудия жылына бир дебюттук кыска метраждуу тасманын бюджетин көтөрүп берет. Бул алгачкы тасмасын тарткысы келген жаштарга чоң жардам. Себеби алардын башка жактан акча табуусу оор. Каражат менен кошо техникалык жардам да көрсөтөбүз. Бирок жылына бир тасма, албетте, аз. Азыр жок дегенде үч-төрт чыгармачыл жашка жардам берүү боюнча катуу иштеп жатабыз. Бул максатыбыз ишке ашса, киностудиянын колдоосуна ээ болгон таланттуу жаш режиссерлордун саны өсөт.
— Кыргыз киносу шедеврлерге бай. Топтолгон архивдин абалы кандай?
— "Кыргызфильмде" кинопленкага тартылган тасмалардын архиви бар. Бирок биздеги эң чоң көйгөй — аларды санарипке көчүрө турган профессионалдык аппараттын жоктугу. Менин билишимче, мындай техника Кыргызстан боюнча жок. Аны сатып алуу тууралуу өкмөткө кат жазып, ар кандай чогулуштарда айтып келе жатабыз. Негизи, көп деле кымбат турбайт. Ал эми жөнөкөй аппарат менен көчүрсөң, тасманын сапаты аябай начарлап кетет. Атайын чет өлкөдөн көчүртөйүн десең, ага көп каражат кетет экен. Тасмаларыбызды санарипке өткөрүү менен өзүбүздүн тарыхыбызды сактап калат элек. 70 жылдык пленкалар бар, кокус бир нерсе болуп өчүп кетсе, чоң жоготуу болот. Өзүбүз сатып алсак, болжол менен, кеминде 5 жылдын ичинде бүт өлкөдөгү пленкадагы материалдарды өткөрүп алат элек.
— Киностудиянын анимациялык бөлүмү ачылганына бир жылдан ашып калды. Бул жаатта кандай иштер жүрүп жатат?
— Азыркы жалпы кыргыз киносуна кандай баа бересиз?
— Кино чөйрөсү жакшы иштеп жатат. Тарылган тасмалардын саны көбөйүп, убакыт өткөн сайын сапаты да жогорулоодо. Албетте, ар бир адамдан ката кетет. Чыгармачыл адамдардын жумушу кемчиликсиз болбойт. Бирок мени өтө сүйүндүргөн нерсе — киного кызыккан жаштардын көбөйгөнү. Тартылып жаткан кинолордон барып кабар алып турам. Алардын дээрлик 90 пайызы жаштар экендигин көрөм. Бул өтө сонун көрүнүш.
Ал эми массалык же болбосо коммерциялык тасмаларды ашыкча сындай бергенге каршымын. Алар да өз аракети менен жумушун жасап жатышат. Бирок тасма тартабыз дегендер баары бир маанилүү нерсени унутпашы абзел. Кино — бул аябай чоң идеология. Тасма тартуунун жоопкерчилигин татыктуу көтөрө билүү зарыл.