Путин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Россиянын президенти куттуктоосунда эки мамлекеттин алакасынын чыңдалышына Жээнбековдун салымы чоң экенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Сиз мекендештериңиздин зор урматтоосуна ээсиз жана чет мамлекеттерде кадыр-баркыңыз жогору. Эки өлкө ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди жылдырууда сиздин жеке салымыңыз абдан салмактуу", — деп айтылат маалыматта.

Путин Жээнбековго чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалаган.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 60ка чыкты.