Өмүркулов фракция лидерлиги боюнча Карамушкина менен айтыша кетти

КСДПнын саясий кеңеши быйыл 31-октябрда Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу маселеси колдоо тапкан жок.

Жыйындын башында депутат Ирина Карамушкина Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу маселесин күн тартибине киргизүү керектигин айтты.

1 / 2
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу маселеси колдоо тапкан жок.
2 / 2
Жыйындын башында депутат Ирина Карамушкина Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу маселесин күн тартибине киргизүү керектигин айтты.

"КСДПнын саясий кеңешинин чечимин күн тартибине киргизүүнү сунуштайм. Анткени саясий кеңеш эң жогорку орган. Анын чечими кынтыксыз аткарылышы кажет. Бүгүн сиздин фракциянын жыйынына төрагалык кылууга моралдык укугуңуз жок. Анткени сиз партиянын мүчөсү эмессиз", — деди ал.

Өз кезегинде Иса Өмүркулов саясий кеңештин протоколун, ал жакка катышкандардын тизмесин берүү талабын койду.

"Мен саясий кеңештин жыйынында кворум болгон жок деп эсептейм. Андан сырткары, мага ал жыйынга кимдер катышкан, ошолордун тизмесин бергиле", — деди Өмүркулов.

Карамушкина жыйынга Өмүркулов да чакырылганын айтып, ал жакка барып өзүнүн суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун айтты. Андан сырткары, эгер саясий кеңештин чечими менен макул болбосо сотко берүүгө чакырды. Өмүркулов сотко берүү ниети жок экенин билдирди.

Карамушкина: Атамбаев жакында маалымат жыйын өткөрөт
Депутат Асылбек Жээнбеков бул жерде талашып-тартышуунун кажети жок экенин, бардыгын добуш берүү аркылуу чечүү керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында Карамушкинанын сунушу добуш берүүгө коюлуп колдоо тапкан жок. Жыйынга катышкан КСДП депутаттарынын арасынан бир гана Карамушкина өзү "киргизүү керек" деп добуш берди.

Белгилей кетсек, КСДПнын саясий кеңеши быйыл 31-октябрда Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Ал чечим Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына таркатылып берилген.

Жыйынтыгында Ирина Карамушкина залдан чыгып кетти.