Депутат Тиллаев же пенсия, же айлык алсын деген билдирүүсүнө түшүндүрмө берди

Эл өкүлү 100 миң сомго чейин маянасы менен кошо 50-60 миң пенсия алгандар укук коргоо органдарында көп экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Укук коргоо органдарында иштегендердин көбү 50 жашка чейин эле пенсияга чыгып, иштеп дагы жатышат. Алардын маянасы да, алган пенсиясы да көп. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.

"Балп" этип элден "таяк жеген" депутаттар. Парламентте кара пиардын атаманы ким?
Белгилей кетсек, буга чейин депутат иштеген пенсионерлер же айлыгын, же пенсиясын алсын деген сунуш берген. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары пенсионерлер иштебестен жалгыз пенсиясын карап отурса кантип жашайт деп айраң-таң калып, суроо салышкан.

Бирок Тиллаев карапайым калк тууралуу эмес, пенсиясы да, маянасы да көп укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тууралуу айткысы келгенин билдирип, түшүндүрмө берди.

"Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү киреше салыгын төлөбөйт, маяналары да жогору. Мисалы, генералдардын айлыгы 50 миңден 100 миң сомго чейин жетет. Укук коргоо органдарына барсаңар, 35-40-50 жаштагылар пенсияга чыгып алышкан, иштеп дагы жатышат. Пенсиялары дагы 30 миң сомдон жогору. Же иштешсин, же пенсиясын алып отурушсун деп мына ушулар тууралуу айттым", — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле өкмөт бул жаатта анализ жүргүзсө мугалимдер, дарыгерлер жана укук коргоочулар канча пенсия алары элге ачык болуп каларын кошумчалады.