Аракечтиктин бирден-бир себеби айтылды

Спирт ичимдиктери сууктан жылынуу жана депрессия менен күрөшүү максатында колдонулушу ыктымал
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Адамдын аракечтикке берилиши климаттын өзгөрүшү менен байланыштуу. Мындай пикирге АКШ, Испания жана Мексиканын эл аралык окумуштуулар тобу келгенин Известия агенттиги Hepatology басылмасына шилтеме берип жазды.

Окумуштуулар: адамдын эрте көз жумарын басканынан билүүгө болот
Адистер эксперимент үчүн 193 мамлекетти кезип чыкканы айтылат. Жыйынтыгында аба ырайы суук өлкөдө жашагандар ичимдикке жакын болору аныкталса, жылуу аймактарда спирт ичимдиктерин колдонгондор аз экендиги белгилүү болгон. Ошондой эле ал мамлекеттерде аракечтиктин айынан пайда болгон боордун циррозу көп кездешкен.

Окумуштуулардын божомолу боюнча спирт ичимдиктери сууктан жылынуу жана депрессия менен күрөшүү максатында колдонулушу ыктымал. Себеби ызгаар жана бүркөк аба ырайы адамдын психологиясына терс таасирин тийгизет.