Жумага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 16-ноябрда көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүйдө 0…-5, Талас өрөөнүндө —3…+2 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл жана Нарын облустарында —1…+4 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте —2…-4, Ошто +6…+8 гарадус жылуу болору болжолдонду.