Жээнбеков: исламды жамынып алып, өз маданиятын киргизүүнү көздөгөндөр бар

Президент диндин коомдогу ролун, тарбиялык, ыймандык, адамдарды бириктирүүчүлүк асыл сапаттары айтылбай, ислам динине тиешеси жок нерселер жабыштырылып жатканына токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салтын, маданиятын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу II аралык конференцияда айтты.

Президент өлкөдө диний чөйрөгө толук эркиндик берилип, Кыргызстан көп улуттуу жана көп диндүү өлкө катары калыптанганын айтты.

"Берилген эркиндиктердин арты менен көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болду. Алардын түпкү максаттары коом үчүн бүдөмүк. Айрым уюмдар жана кыймылдар динди саясатташтыруу аракеттерин жасап жатканына да күбө болуп жатабыз. Диндин коомдогу ролун, тарбиялык, ыймандык, адамдарды бириктирүүчүлүк асыл сапаттары айтылбай, ислам динине тиешеси жок нерселер жабыштырылып жатат. Исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салтын, маданиятын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар. Кыргызстан жарандарга динди таңуулабайт, бирок коомдун тынчтыгын, анын өнүгүүсүн камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алган. Ошондуктан мамлекеттин диний чөйрөгө кийлигишүүсүн кеӊейтүү зарылдыгы келип чыкты", — деди Жээнбеков.

Эске салсак, аталган эл аралык конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, эксперттер менен окумуштуулар катышууда.