Ичип алып унаа айдабагыла! Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган "Жигулинин" видеосу

Катуу ылдамдык менен бара жаткан "Жигули" үлгүсүндөгү унаа кооптуу бурулуштан минивэнди кагып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Facebook социалдык тармагында катуу бара жатып кырсыкка кабылган "Жигулинин" видеосу тарады. Аны артынан бара жаткан унаадагы жүргүнчү уюлдук аппаратына тартып алган.

Видеонун авторунун айтымында, айдоочу мас абалында болушу мүмкүн. Тасмада көрүнүп тургандай, "Жигули" кооптуу бурулушка жеткенде жолдон чыгып кетип каршы тилкеде келе жаткан минивэнди каккан. Кийинки кадрдан бети-башы кан болгон айдоочу эс-учун жоготуп жерде жатканын көрүүгө болот.

"Мына арактын кесепети, ошон үчүн ичип алып рулга отурбагыла", — деп күбөлөрдүн айтып жатканын угууга болот.

Бишкекте таштанды ташыган унаа мамыны сүзүп алды. Күбөнүн сүрөтү
ИИМ ЖКККББсынын маалымат кызматы окуя кечээ, 14-ноябрда, Бишкек — Ананьево — Каракол трассасынын 189-чакырымында саат 16.20лар чамасында болгонун кабарлады.

"36 жаштагы айдоочу ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унааны айдап баратып каршы тилкеге чыгып кеткендиктен Ford Galaxy автосун кагып кеткен. Минивэндин 54 жаштагы айдоочусу жабыркаган эмес. Ал эми ВАЗ-2106 унаасынын айдоочусуна биринчи жардам көрсөтүлүп жергиликтүү ооруканага жеткирилди", — дешти милициядан.

Топтолгон материалдардын бардыгы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп РИИБине өткөрүлүп, экспертизалар дайындалды.