Кайсы депутат 5 миң сомго бир ай жашай алат? Видео-сурамжылоо

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 5000 сом алардын жашоосунда канча күнгө жетерин жана бул суммага бир ай жашай алар-албасын айтып беришти.
Sputnik

Тиричилик минимумда көрсөтүлгөн 4655 сомго бир ай жашай алмак белеңиз?Ооба, ансыз деле ошол акчага жашап жатамЖок, мен бул акчаны бир күндө жоготуп коем. Ошондо да тойбой каламОоба, дал ушул нерсени жасайын деп жатам. Банктан насыя алдымЖок. Бул цифралар кайдан алынарын билбейм
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда тиричилик минимуму 4654 сом 77 тыйынды түзөт. Анын ичинен эмгекке жарамдуу курактагылардыкы 5203 сом 64 тыйын болсо, пенсияга чыккан адамдардыкы 4154 сом 34 тыйын. Балдардыкы болсо орточо эсеп менен 3955 сом 92 тыйын.

Статкомдун билдирүүсүндө, бул сумманын үч миң сомдон көбүрөөгү тамак-ашка, 800 сому башка товарларга жана кызматтарга, ал эми 100 сому салыкка кетет экен. Эң көп каражатты эркектер сарптайт, алар айына 5,5 миң сом жок кылат. Аялдар андан 150 сомго аз акча керектесе, балдарга 3,6 миң сом зарыл экен.

Бул акчага, албетте, бир үй-бүлө эмес, жалгыз адамдын жашоосу кыйын. Бирок өлкөдө бул каражатты бир айга жеткирип жашап жаткандар бар. Алар жалгыз жашаган пенсионерлер, багар-көрөрү жок адамдар жана аз камсыз үй-бүлөлөр.

Мыйзам чыгарган эл өкүлдөрү бир ай бул каражатка жашай алар-албасын Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып көрдү. Сурамжылоого катышкан депутаттардын бир-экөө эле кыйылып "жашай алмак болушум керек" десе, башкалары дароо эле "мүмкүн эмес" деген жообун айтышты.