Бишкекте таштанды ташыган унаа мамыны сүзүп алды. Күбөнүн сүрөтү

Жол кырсыгынын кесепетинен троллейбус линиясы жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Борбор калаада таштанды ташыган унаа троллейбус мамысын сүзүп, коомдук транспорттун линиясын бузуп алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине күбө билдирип, кырсыктын сүрөтүн редакциянын WhatsApp номерине жөнөткөн.

1 / 3
Борбор калаада таштанды ташыган унаа троллейбус мамысын сүзүп, коомдук транспорттун линиясын бузуп алган
2 / 3
Окуя Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде катталган
3 / 3
Жабыркагандар катталган эмес, машина атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилди.

Анын айтымында, окуя Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде катталган.

Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) аталган фактыны тастыктады.

"Кырсык 15-ноябрь күнү болжол менен эртең мененки саат 8:00дөрдө катталган. Окуя болгон жерге ЖКККББ кызматкерлери барган. Жабыркагандар катталган эмес, машина атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилет", — деп жазылат маалыматта.

Ошто Mercedes менен жүк ташуучу унаа кагышып, бир киши көз жумду. Сүрөт
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, аталган унаа "Тазалык" ишканасына карабайт.

"Шаарда 20дай жеке ишкана бар. Кырсыкка кабылган унаа ошол ишканалардыкы болушу ыктымал", — дешти мэриядан.

Муниципалитет жол кырсыгынан жабыркаган линия калыбына келтирилгенин кошумчалады.