Бурала басып көйкөлгөн модель кыздар. "Кыргызстан сулуусу" сынагынан сүрөттөр

Sputnik

Кыргызстандын сулуусу кантип аныкталды? Сынактын видеосу
Жеңүүчү деп Жалал-Абаддын атынан чыккан 21 жаштагы Элмара Буранбаева табылды. Ал таажыдан сырткары "Аалам сулуусу — 2019" бүткүл дүйнөлүк сынагына катышуу үчүн жолдомо алды.

Биринчи вице-мисс наамына Бегимай Ивакова, экинчи орунга Шахзода Балтабаева, үчүнчүгө Арууке Ниязбек кызы татыды. Таажы менен баш байге үчүн жети дубандан келген 25 кыз ат салышкан.

Кыргызстандын сулуулары кантип тандалганын биздин сүрөт түрмөктөн көрүңүздөр.

1 / 15
Башкы улуттук сынак борбордогу банкет залдардын биринде өттү
2 / 15
Бул конкурс расмий макамы менен айырмаланат. Жеңүүчү "Аалам сулуусу" сынагында ат салышмакчы.
3 / 15
Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана эл аралык бьюти-конкурстардын өкүлчүлүгү менен биргеликте тартууланды
4 / 15
Таажы менен баш байге үчүн 25 кыз ат салышкан
5 / 15
Бийкечтер жети дубандын намысын коргоду
6 / 15
Таластын атынан таанымал модель Шахзада Балтабаева катышты. Ал эл аралык "The Face of Central Asia" бьюти-сынагынын финалына чыккан.
7 / 15
Уюштуруучулар жеңүүчүлөрдү аныктап гана тим болбостон, кыздардын моделдик карьерасынын түптөлүшүнө да салым кошууга ниеттенүүдө.
8 / 15
Иш-чаранын көркүн ата мекендик ырчылар да чыгарды
9 / 15
Финалдык шоуда катышуучулар калыстарга улуттук кийим менен чыкты
10 / 15
Ошондой эле кече кийимдерин көргөзүштү
11 / 15
Сынакка 16 жаштан 28 жашка чейинки бийкечтер катыша алды
12 / 15
Сынактын шарттарынын бири - кыздардын бою 165 сантиметрден өйдө болушу керек болчу
13 / 15
Калыстардын катарын белгилүү модель, Орто Азия сулуусу наамынын ээси Мээрим Атантаева толуктады
14 / 15
Жеңүүчү деп Жалал-Абаддын атынан чыккан 21 жаштагы Элмара Буранбаева табылды. Ага таажыны "Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова тагууда.
15 / 15
Былтыркы жана быйылкы сулуулар сынагынын жеңүүчүсү бир сүрөттө