Ош шаарынын мэри Сарыбашев Россиянын жараныбы? Калаа башчысынын жообу

Калаа башчысы буга чейин 15 жылдай Новосибирскиде иштеген
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Интернет айдыңында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин Россиянын жараны деген маалымат тарады.

Мамкаттоо Кулматовдун паспорту боюнча доо арызын артка кайтарып алды
Ал Facebook социалдык тармагынын тайпаларынын биринде жарыяланып, анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалоосуна укугу жок деп жазылган. Маалыматта Сарыбашев 2004-жылы россиялык паспорт алып, аталган документти 2016-жылдын 30-марттында алмаштырганы көрсөтүлгөн.

Мэрдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми муниципалитеттин басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, мэр интернетке чыккан маалыматтан кабары бар.

"Мен шаар башчысына кайрылдым. Мэр ал маалыматты четке кагып, чындыкка жатпай турганын билдирди. Ооба, ал Россияда иштеп эмгек мигранты болгон, бирок Россия жаранынын паспортун алган эмес", — деди Абсаттаров.

Сарыбашев ушул жылдын июнь айында Оштун мэри болуп шайланган. Ага чейин ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп эмгектенип келген.