Өкмөт: Кыргызстанда болгону 914 миң киши салык төлөйт

Өлкө боюнча эмгекке жараксыз курактагылар, анын ичинде балдар, карылар жана башкалар 1 миллионго жакын.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жалпы Кыргызстан боюнча 914 миң гана киши салык төлөй турганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Учурда депутаттар 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат.

Абылгазиев бүгүнкү күндө өлкө боюнча 647,2 миң пенсионер бар экенин белгилеп, аларды каржылоого Социалдык фонддон 50,3 миллиард сом жумшаларын айтты. Андан сырткары, 372,6 миң жаран 10 миллиард сомдун тегерегинде мамлекеттик жөлөк пул алат. Ошондой эле 330 миңдин айланасындагы адам бюджеттик чөйрөдө эмгектенет. Аларга 87 миллиард сом кетет.

"Эмгекке жараксыз курактагылар, анын ичинде балдар, карылар жана башкалар 1 миллионго жакын кишини түзөт. Дагы 700 миңден ашык адам миграцияда. Ошентип өлкөдө салык төлөөчүлөрдүн саны болгону 914 миң. Дал ушул 914 миң адам экономикада бюджеттин киреше булагын түптөйт. Булар менен кошо мигранттардын да салымын айтуу керек", — деди премьер.

Абылгазиев: мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамды өзгөртүү керек
Ал ошондой эле дүйнөлүк практикада иштеген 3 адамга 1 пенсионер туура келсе, Кыргызстанда тескерисинче иштеген бир адам 2-3 кишини багып жатканын белгилеп, бул болжолдуу гана эсептөөлөр экенине токтолду.

Абылгазиев өз сөзүндө 2019-жылдагы мамлекеттик башкаруу секторунун чыгымдары 214 миллиард сомду түзөрүн жана анын 61 пайызы социалдык секторго жумшаларын белгиледи.