Бишкектеги инсталляцияны талкалаган киши изи сууй электе кармалды

Колго түшүрүлгөн адам 27 жаштагы Нарын облусунун тургуну болуп чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя.—Sputnik. Борбор калаада "Бишкек, мен сени сүйөм" деген инсталляцияны талкалаган вандал изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, колго түшүрүлгөн адам 27 жаштагы Нарын облусунун тургуну болуп чыкты. Вандализм фактысы 15-ноябрь күнү түнкү саат 2де Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде катталган.

1 / 2
Борбор калаада "Бишкек, мен сени сүйөм" деген инсталляцияны талкалаган вандал изи сууй электе кармалды.
2 / 2
Билдирмеге ылайык, колго түшүрүлгөн адам 27 жаштагы Нарын облусунун тургуну болуп чыкты.

"Инсталляцияны талкалаган адамды Ленин РИИБинин милиция кызматкери изин суутпай кармаган. Ал кылганын буту ооруп, тез жардам чакырып, аны бир саат күткөнү менен түшүндүрдү. Дарыгерлер убагында келбегендиктен ал жинин чыгарыш үчүн инсталляцияны талкалап салган", — дешти милициядан.

Колго түшкөн адамга карата Кылмыш кодексинин 174-беренеси (Башканын мүлкүнө олуттуу зыян келтирүү менен аны атайылап жок кылуу, зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголду.