Жээнбеков: динчилдер менен динден алысмын дегендердин мамилесин чыңдоо керек

Конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, эксперттер менен окумуштуулар катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Борбор калаада "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу II аралык конференция өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 4
Борбор калаада "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу II аралык конференция өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков барды
2 / 4
Билдирмеге караганда, конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, эксперттер менен окумуштуулар катышууда
3 / 4
Өз сөзүндө мамлекет башчы азыркы Кыргызстан - дин мамлекеттик бийликке аралашпаган заманбап мамлекет экенин айтып, динге карата мамиле ар кимдин жеке иши деди
4 / 4
Мындан сырткары, президент Кыргызстанда мамлекет менен диндин ортосундагы карым-катнашты ырааттуу жолго коюуга бүгүнкү конференциянын пайдасы тиер деген ишеничин билдирди.

Билдирмеге караганда, конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, эксперттер менен окумуштуулар катышууда.

Өз сөзүндө мамлекет башчы азыркы Кыргызстан — дин мамлекеттик бийликке аралашпаган заманбап мамлекет экенин айтып, динге карата мамиле ар кимдин жеке иши деди.

"Өлкөбүз конфессиялык жактан нейтралдуу позицияны ээлейт, эч бир динге артыкчылык бербейт жана эч кандай диний идеологияны жарандарга таңуулабайт. Өз кезегинде диний уюмдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишпейт. Динге карата мамиле — ар бир адамдын жеке иши", — деди Жээнбеков.

Мындан сырткары, президент Кыргызстанда мамлекет менен диндин ортосундагы карым-катнашты ырааттуу жолго коюуга бүгүнкү конференциянын пайдасы тиер деген ишеничин билдирди.

Кыргызстанда имамдар үчүн колдонмо китептер чыгат
"Конфессиялар ортосундагы ынтымакты, ошондой эле динге ишенгендер менен өздөрүн динден тышкары эсептегендердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен сый мамилени чыңдоо керек. Ошол эле учурда диний агымдардын өкүлдөрүнүн өздөрү да светтик коомдо жана анын мыйзамдары менен жашоосу абзел. Коомдун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тарыхый традицияларды абдан кылдат сактоо зарыл экенин чейрек кылымдык тарыхыбыз дагы бир ирет далилдеди. Ал үчүн биздин коомго традициялуу болуп калган ислам жана православие диндери менен мамлекеттин ортосундагы социалдык өнөктөштүккө кененирээк жол ачуу керек", — деди өлкө башчы.

Президент ата-бабалар карманган ислам дини светтик коомго, светтик мыйзамдарга каршы келбей турганын да баса белгилеп, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.