БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү, 13-ноябрда Таластагы "Чоң-Капка" бекетинде Казакстанга башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыз кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Ведомстводон билдиришкендей, чек арадан өтүп бараткан жаран 22 жаштагы З.Р. аттуу кызга таандык паспортту көрсөткөн. Бирок ал бир нече суроого жооп бере албай калып күмөн жараткан.
"Текшере келгенде документти көрсөткөн кыз Ф.Р. аттуу жаран экени, ага сыртка чыгууга тыюу салынгандыктан эгизинин паспортун колдонгону маалым болду", — деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин Ф.Р. УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.