БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Өзбекстандык ырчы Шахло Ахмедова "Летние дожди" аттуу ырына тарткан клиби үчүн лицензиясынан айрылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан "Өзбекконцертке" шилтеме берип жазды.
Ведомстводон маалымдашкандай, ырчыга клипте улуттук жана чыгыш менталитетине туура келбеген учурлар бар экени тууралуу бир нече ирет эскертүү берилген.
Шахло Ахмедованын лицензиясы 13-ноябрдан баштап токтотулду.