Кыргызстандын эң сулуу бийкечи тандалды. Сүрөт

Сынакта өлкөнүн чар тарабынан келген 25 кыз ат салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкектеги ресторандардын биринде “Кыргызстан сулуусу – 2018” расмий сынагы болуп өттү. Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган. 

1 / 3
Бишкектеги ресторандардын биринде “Кыргызстан сулуусу – 2018” расмий сынагы болуп өттү
2 / 3
Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобу Жалал-Абад облусунун атынан чыккан Элмира Буранбаеваны жеңүүчү деп тапты
3 / 3
Ага таажы кийгизилип, “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо берилди.

Сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 25 бийкеч катышты. 

Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобу Жалал-Абад облусунун атынан чыккан Элмара Буранбаеваны жеңүүчү деп тапты. 

Ага таажы кийгизилип, “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо берилди. 

Биринчи вице-мисс Бегимай Ивакова болсо, Шахзода Балтабаева экинчи, Арууке Ниязбек кызы үчүнчү вице-мисс аталды. 

Кыргызстандын эң сулуу бийкечи кантип тандалды. Көз жоосун алган сүрөттөр
Белгилей кетсек, 2014-жылы улуттук конкурстун уюштуруучуларынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, бир эле аталыштагы эки сынак өткөрүлө баштаган. Расмийи “Дүйнө сулуусу” сынагына лицензия бере алат. Конкурстун былтыркы жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова быйыл “Аалам сулуусу” сынагына биринчи жолу Кыргызстандын атынан чыгат. 

Ушундай эле аталыштагы конкурсту Рыскүл Намазбекова уюштуруп келет. Сынактын финалы 5-ноябрда өтүп, 22 жаштагы Айжан Жеңишова жеңүүчү аталган.