Аялдар качан ажырашам деп баштайт? Кыргызстандагы статистика

Статистикага караганда, үй-бүлөдөгү балдар никени сактап кала албайт.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин адистери аялдар качан ажырашам деп арыз берерин иликтеп көрүштү.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2017-жылы көбүнчө 25-29 жаштагы аялдар ажырашууга арыз жазышкан. Ал эми эркектер көпчүлүк учурда 30-34 жашында үй-бүлөсүнөн баш тартат. 

Аялдар качан ажырашам деп баштайт? Кыргызстандагы статистика

Ажырашкан аялдардын көбү мектепти гана бүтүргөн: жалгыз жашайм деген келиндердин ар бир экинчиси орто билимге гана ээ. Эркектер арасында дагы ушундай эле көрүнүш. 

Аялдар качан ажырашам деп баштайт? Кыргызстандагы статистика

2017-жылы 11 миң баланын ата-энеси эки бөлөк жолго түшкөн. Статистика көрсөткөндөй, ортодо баланын болушу түгөйлөрдүн никесин сактап кала албайт. 

Аялдар качан ажырашам деп баштайт? Кыргызстандагы статистика

2017-жылы ажырашуулардын саны Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарында көп болгон. Ал жакта 1000 адамга 18 ажырашкан түгөй туура келет. Бул көрсөткүч Бишкекке салыштырмалуу 9 эсеге көп.