БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кочкор — Чаек жолунун 12-чакырымында BMW унаасы жолдун боюндагы даракты сүзүп кырсыктаганын Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.
ДТП на трассе Кочкор — Чаек
© Фото / пресс-служба УОБДД Нарынской области
Маалыматка ылайык, окуя 13-ноябрь күнү саат 9.11де болгон. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар унаага кыпчылып калган жүргүнчүлөрдү чыгарып, Тез жардамдын дарыгерлерине тапшырышкан. Эки эркек менен эки аял киши райондук ооруканага жеткирилген.
Ал эми мындан эки күн муда Ошто да даракты сүзгөн унаадагы кыз менен жигит каза болуп калган.