ЦУМдагы адамдын өлүмү. Маркумдун мурдагы аялы дооматынан баш тартты

ЦУМда сатуучу болуп иштеген киши 28-августта 45 жаштагы жаранды тээп-чаап жибергенден кийин ал каза болуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Адамдын өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып жаткан 25 жаштагы Б. уулу Т. коюлган айыптардын жарым-жартылайын моюнга алды. Аталган иш Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралды.

45 жаштагы эркек киши быйыл 28-августта ЦУМдун ичинде каза болгон. Дарыгерлер анын денесинен көгала тактарды тапкан. Кийин окуя кандай болгону видеого түшүп калган. Анда соода кылган жаран өзүнөн улуу кишини уруп жибергенин көрүүгө болот.

"Ооба, мен аны бир нече жолу тээп-чаап жибергем, бирок өлтүрөйүн деген оюм болгон эмес", — деди айыпталуучу.

Бурулайдын өлүмү боюнча сот кийинки жумага жылдырылды
Ал эми окуяга күбө болгондордун айтымында, 45 жаштагы киши 25 жаштагы сатуучуга телефонунун заряддай турчу жерин текшерип бер деп кайрылган, сатуучу ары жакты караганда текчеде турган телефонду алып сумкасына салган.

Сатуучу кишинин телефонун берип өзүнүн телефонун таппай калган, издеп жатып аны тигил кишинин сумкасынан тапкан. Ушундан кийин алар кайым айтыша кетип, сатуучу кардарга кол көтөрүп жиберген.

Өз кезегинде жабырлануучу тарап — 45 жаштагы маркумдун мурдагы аялы күйөөсүнүн жүрөгү ооруй турганын, акыркы убакта аракка ыктап кеткенин билдирген. Ошондой эле айыпталуучуга эч кандай доосу жок экенин жана жакында эле тосмо арыз жазып бергенин айтты.