Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт. Тизме

Электр энергиясы оңдоп-түзөө иштеринен улам өчүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Эртең, 15-ноябрда Бишкектин бир катар бөлүгүндө жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы маалымдады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.00-18.00 — Бакай-Ата (Көкчө, Сейтек, Бакай-Ата, Анар, Сулайка, Кыргыл-Чал, Жээк, Эрмек, Байсак көчөлөрү), Көк-Жар (Көк-Жайык, Кулмурзаев, Көк-Жаңгак, Арстанбап, Ахунбаев, Ой-Терскен, Тоң, Конорчок, Достоевский көчөлөрү) конуштары;

09.30-17.00 — Ибраев, Көлбаев, Луганск, Славянский, Парковая көчөлөрү, Чувашский, Кузнечный, Печерский туюк көчөлөрү;

15.00-18.00 — 12-кичирайон (автомектеп);

13.00-16.00 — 12-кичирайондогу №42-46, 48-53 үйлөр;

09.30-12.00 — Туңгуч кичирайонундагы №5-8, 21, 23, 25, 27, 36, 36/1Б, 37, 39 үйлөр;

09.00-18.00 — 4-кичирайондогу №45 үй;

09.30-17.00 — Ак-Ордо конушу (Тимур Фрунзе, Ахунбаев көчөлөрү);

09.00-12.00 — Патрис Лумумба көчөсү;

09.30-17.00 — Можайский, Саадаев, Көкчө-Тоо, Тоголок Молдо көчөлөрү, Багижский туюк көчөсү;

09.30-17.00 — Фатьянова, Лев Толстой, Байтик баатыр көчөлөрү;

09.30-18.00 — Васильев, Кызыл-Кыя, Боталиев, Абдрахманов көчөлөрү, Измайловский, Ужгород туюк көчөлөрү;

09.30-17.00 — Токтоналиев, Ахунбаев көчөлөрү.