Бейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү, 15-ноябрда, республика боюнча жер-жерлерде кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө —4…+1, Талас өрөөнүндө —2…-7 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көл жана Нарын аймагында —1…-6 градус суук болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында кар жаабайт. Абанын температурасы борбор калаада 0…-2, ордолуу Ошто +6…+8 градус жылуу болору айтылды.